АКЫРКЫ КОҢГУРОО
АКЫРКЫ КОҢГУРОО
АКЫРКЫ КОҢГУРОО
25-майда окуу жайында бүтүрүүчүлөрдүн "Акыркы конгуроо" салтанаты болуп өттү.
Кара-Суу шаарынын эс алуу паркында 18-май күнүКара-Суу райондук калкты тейлөө жана миграция бөлүмү тарабынан "Бош орундардын жарманкеси" болуп өттү
Ош шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы сейил паркында 16-май күнү Кесиптик лицейлер менен Колледждерге кесипке үгүтөө максатында жарманке болуп өттү.
8-Март Аялдардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн иш чарада лицейдин уландары аял затынын урматына, өздөрүнүн таланттарын тартуулашты.
23-Февраль "Ата Мекенди коргоо" күнүнө карата тайпалар арасында мелдеш өткөрүлдү. Иш чаранын жыйынтыгында 2-курстун (5-У-21 Устат) окуучулары жеңүүчү табылып, администрация тарабынан ардак грамоталар менен сыйланышты.
"1-декабь бүткүл дүйнөлүк СПИДке күрөшүү күнү" даталуу күнгө карата окуу жайында иш чара болуп өттү. Иш чарага Жоош айыл аймагынын үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Топчибаева Минавар Арыновна, мед айым Нурлан кызы Гүлнүр болуп катышып, окуучуларга ооруу тууралуу маалымат беришти.
2022-жылдын 17-октябрында Кара-Суу райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү тарабынан Кара-Суу шарында "Бош орундарынын жарманкеси" болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министиринин орун басары Полотова Жылдыз Арстанбековна, Кара-Суу районун акиминин орун басары Куланова Айжан Мамаевна, райондук эмнек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Ахмедов Эгенберди Дадабаевич, Германия эл аралык кызматташтык (GIZ) долбоору, Окуу жайыбыздин директору Джакишева Коммуна Мативна сөз гө чыгышты.
5-октябрь "Мугалимдердин кесиптик майрамы"
Бүт дүйнөнү тааныткан карегимсиң,
Мугалим сен экинчи энекемсиң.
Келечек муундардын ачкан жолун,
Шам чырактай өчпөй турган келечексиң.
1-сентябрь Билим майрамыңыздар менен!
09.06.2022-ж. "Бүтүрүүчүлөрдүн слету" "Акыркы коңгуроо" аземи болуп өттү. Ага жалпы окуучулар, бүтүрүүчүлөр ошондой эле мурда бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр келип катышышты. Салтанатка арналган концерттик программа мугалимдердин жана окуучулардын катышуусунда болуп өттү.
Концерттик программанын аягында ар бир тайпалардын үлгүлүү, мыкты окуучуарына грамоталар тапшырылды.
01.06.2022-ж. 1 - июнь "Балдарды коргоо күнүнө" карата Жоош айыл өкмөтүнүн клубунда атайын концерттик программа болуп өттү. Концертке биздин окуу жайыбыздын окуучулары даярдаган атайын ыр-бийлерин аткарышты.
31.05.2022-ж. КЕЛЕЧЕК "Туура кесип - келечектин кепилдиги" форуму.
Форумга №59 КЛ активдүү катышып келишти. Форум Ош шаарынын драм театрында болуп өттү.Ал жерде атайын көргөзмөлөр көрсөтүлдү.
19.05.2022-ж. "Бош орундар жарманкеси" болуп өттү.
04.05.2022-ж. "Китеп кербени" болуп өттү. Ага атайын даярдалган иш чара, концерттик программа болуп өттү.
23-апрель - бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Окуу жайыбызда китеп күнү белгиленди, китепканачы Калматова Г. жана окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа болуп өттү.
23-апрель - бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Дүйнөлүк адабият менен маданияттын көч башында турган Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн кайтышкан. Ошондуктан, бул күндүн символикалык мааниси бар болгондуктан, ЮНЕСКО китеп менен автордук укукту урматтоо максатында аталган күндү атайын белгилөө жөрөлгөсүн иштеп чыккан.
20.04.2022-ж. Ачык эшиктер күнү болуп өттү. Ачык эшиктер күнүнө Кара-Суу районуна караштуу мектептерден бүтүрүүчүлөр (9кл базасында) келип катышышты.
21-март окуу жайыбызда "Кут толгон Нооруз" майрамы ар тайпалар арасында улуттук тамактар көргөзмөсү болуп өттү.
Нооруз (фарс. نوروز, ЭФА: [nouˈɾuːz] — "Жаңы күн") - Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрамы. "Нооруз" деген сөз байыркы фарс тилинин "науруз" деген сөзүнөн алынып, бизче "нау" – “жаңы”, "руз" – “күн” деген маанини билдирет. Совет бийлиги учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен.
"Нооруз" - "жыл башы", "жаңы жылдын башы" майрамы.Кыргызда эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты "жыл ажыраш" деп аталган. Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, т сыйынып , арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен.
Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон.
Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленген.
Нооруз майрамы
Нооруз майрам өзүнчө бир керемет,
Мына бүгүн күн менен түн тенелет.
Таттуу уйкунун кучагынан ойгонуп,
Жер энебиз бир калыпта термелет.
Баба дыйкан шаймандарын белендеп,
Кошко чыкты кара жерди тилем деп.
Үрөн себет бир Аллага жалынып,
Урпактарга кенен токоч берсе деп.
Карангыны жарга такап жарыктык,
Мына бүгүн күн абада талыкшып,
Кас душмандар достошууга кез келди,
Көралбастык, жек көрүүнү багынтып.
Уккун мени кыргыз элим,
Киндик каным тамган жерим, ай.
Манас өңдүү жигиттериң,
Сулуу кыздай келиндериң.
Келе жаткан Нооруз менен,
Куттуу болсун ырым дедим.
Нооруз майрам, ырыс майрам,
Бабалардан мурас майрам.
Ак калпакчан кыргыз майрам,
Нооруз майрам, бул майрам.
"Нооруз майрамы"
Нооруз менен жер ойгонот,
Жер жүзүндө эл ойгонот, эй.
Эл ичинде эр ойгонот,
Эр төшүндө ыр ойгонот.
Көкүрөктү эзип келген,
Кыз төшүндө сыр ойгонот.
Нооруз менен жаз башталат,
Ак сүйүүгө сөз ташталат, эй.
Куттуу болсун махабатың,
Аман болсун асыл башың.
Кыргыз элим көптөн күткөн,
Келе берсин ушул жазым.
5-У-21 тайпасынын 21-март Нооруз майрамына жасаган дасторкону.
Кл жетекчиси: Жолдошева А.
Ө/о устаты: Арстанкулов К.
6-Ш-21 тайпасынын 21-март Нооруз майрамына жасаган дасторкону.
Кл жетекчиси: Сарбашова Н.
Ө/о устаты: Акматов Б.
8-мартка карата өткөрүлгөн "Кош Жылдыз" иш чарасы 7.03.2022-ж.
05.03.2022-ж. "Ак Калпак күнү" окуу жайыбызда салтанатуу өткөзүлдү.
5-март Ак калпак куну
Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак куну белгиленет. Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.
Ак калпак куну официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Кунду белгилөөнүн инициатору катары режиссер Рысбек Жабиров болгон. Анын сөзү боюнча ак калпак, улуттук символ катары кийин муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан ал өзүнүн майрамдык датасына ээ болуш керек деген ойлорун билдирген. Ал эми 5 март калпак куну байчечекейлер чыгып, жаздын күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган.
22.02.2022-ж. "Өз дарагынды отургуз" жашылдандыруу акциясы болуп өттү. Бул иш чара боюнча 420 мөмөлүү дарак окуу жайдын айланасына отургузулду. Кесиптик лицейдин жалпы кызматкерлери жана окуучулары катышышты.
18.02.2022-ж. 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнү.
10.02.2022 Абдулаев Эрмек агайдын сабагы
09.12.2021 таймаш сабагы
Жаңы Жыл 2022
03.12.2021-ж. Тайпалар арасында спортакиада өткөрүлдү.
1-декабрь СПИДке каршы күрөшүү күнү.
"Апам жана Мен"
2019-жыл. 23-сентябрь Мамлекеттик тил майрамы.
Эне тилим эчен кылым каарыткан,
Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.
2020-жылдагы "Берекелүү алтын күз" иш чарасы
2019-жылдагы "Берекелүү алтын күз" иш чарасы