Окуу базасы
Окуу жайдын бардык кааналары, компьютердик класстары жана лабораториялары санитардык-гигиеналык, коопсуздук эрежелерине жооп берет.
Компьютердик класстарда, китепканада жана тигуу цехтеринде коопсуздук эрежелери, өрт коопсуздугу ж.б. түрдүү кырдаалдарда туура аракеттерди жүргүзүү боюнча маалыматтык стенддер бар.
Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо жана коопсуздук ыкмасынын талаптарына ылайык окуу жайдын бардык бөлмөлөрү жасалгаланган, таза жана жарык.
Окуу жайдын жетекчилиги АБР, ПРООН жана ХЕЛВЕ-ТАСК проектиси менен иштеп, китепкананын инфраструктурасын заман талабына ылайык жаңылады, бардык окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратты.
Окуу жайдын китепканасынын фондусунда кесиптер жана предмет боюнча 7200 дөн ашык китептер бар. Окуу жайдын мугалимдери тарабынан даярдалган окуу-методикалык колдонмолор, комплекстик тесттер жана өз алдынча тапшырмалардын суроолору бар.
Окуу жайдын жатаканасы жана ашканасы бар. Медпунктта кызмат көрсөтүү бекер, ал эми ашкананын тамактары акысыз.